БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россияга иштеш үчүн баруудан мурда сөзсүз билип алчу эреже менен талаптарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тизмектеп берди.
Биринчи кадам. Адегенде эле Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун migrant.kg сайты аркылуу Россияга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде бар-жок экенин текшерүү шарт.
РФ мыйзамдарына ылайык, өлкө аймагында мыйзамдуу жүрүү үчүн төмөнкү милдеттүү жол-жоболорду өз убагында аткаруу зарыл:
30 күндүн ичинде медициналык кароодон өтүү, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өтүү жана сүрөткө түшүү;
30 күндүн ичинде убактылуу жүргөн жери боюнча аймактык миграция органына миграциялык каттоого туруу. Эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү максатында Москва шаарына жана Москва облусуна келген жарандар үчүн миграциялык каттоого "Амина" тиркемеси аркылуу туруу талап кылынат. Ал эми үй-бүлө мүчөлөрү жалпы тартипте каттоодон өтөт;
эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишим түзүү;
90 күндүн ичинде эмгек же жарандык-укуктук келишимдин негизинде убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу. Бул миграциялык картага миграция органдары тарабынан белги коюу аркылуу жасалат.
Түшүнүксүз же тактай турган учурлар болсо мекендештер Кыргызстандын Россиядагы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгүнө кайрылса болот. Дареги жана телефону: Москва шаары, Малая Полянка көч., 7-үй, 5-корпус, тел.: +7 996 968 98 97.