Путин Кремлде Трамптын өкүлдөрү менен жолукту. Төрт сааттык талкуунун жыйынтыгы

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамптын өкүлү Стив Уиткофф менен жолугуп, сүйлөшүү төрт саатка созулду. Бул тууралуу Кремль билдирди.
Жолугушууга Россия тараптан президенттин жардамчысы Юрий Ушаков менен атайын өкүлү Кирилл Дмитриев катышты. Ал эми америкалык делегациянын курамында ишкер, Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен Ак үйдүн улук кеңешчиси Жош Грюнбаум болду.
Ушаков жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу:
тараптар аймактык маселе чечилмейинче украин жаңжалын жөнгө салуу мүмкүн эмес экенин белгилешти;
жума күнү Абу-Дабиде коопсуздук маселелери боюнча үч тараптуу (РФ, АКШ, Украина) жумушчу топтун алгачкы жыйыны өтөт. Ал жакка бара турган РФ делегациясы Путинден так көрсөтмөлөрдү алды;
Уиткофф менен Кушнер Давостогу жолугушуулардан, анын ичинде Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүсүнөн алган таасирлери менен бөлүштү;
Россия Газа боюнча Тынчтык кеңешине тоңдурулган активдин эсебинен миллион доллар бөлүүгө даяр экенин айтты;
резердеги калган каражатты Россия менен Украина тынчтык келишимин түзгөндөн кийин аймактарды калыбына келтирүүгө жумшаса болору белгиленди;
Россия абал саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салынмайынча атайын аскердик операцияны уланта бермекчи.
Нарышкин: ЕБ лидерлери кайрадан АКШны Киевдин демөөрчүсү кылууга аракеттенүүдө