Ошто чет өлкөлүк жарандардан акча алып жүргөн милиционер кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Ош шаарында сырттан келген жарандардан акча талап кылган милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
"Ал чет өлкөлүктөрдүн эмгек ишин жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтери жок экенин билип туруп, алардан ай сайын "калкалоо" деп 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин алып турган. Акча берүүдөн баш тарткан учурда айып пул салуу жана мындан ары депортациялоо менен коркуткан", — деп маалымдайт мамлекеттик комитет.
Шектүү кезектеги акча суммасын алып жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
УКМК: Бишкекте жалаа жаап акча опузалаган милиционер менен аял кармалды