БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде Триатлон федерациясы менен биргеликте мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда реалити-шоу старт аларын белгиледи.
"Алгачкы ирет уюштурулган иш-чарага бюджеттик уюмдарда иштеген, эч кандай спорттук разряды жок, спорттон оолак 10 кызматкерди тандап алууну чечтик. Биз аларга чуркоону, сууда сүзүүнү жана велосипед тебүүнү үйрөтөбүз. Толук жана туруктуу медициналык көзөмөлдөн тартып керектүү жабдыктар менен витаминдерге чейин камсыз кылабыз", — деди Молдажиев.
Анын айтымында, долбоорго мамлекеттик мекемеде кеминде беш жылдык иш тажрыйбасы бар, жашы 28ден 38ге чейинки жарандар катыша алышат. Иш-чара март айынан сентябрга чейин уланат.
"Негизги максат — дене тарбияны жана спортту жайылтуу, адамдын кандайча өзгөрө аларын ачык көрсөтүү. Сөз бир гана тышкы көрүнүштүн өзгөрүшү эмес, ден соолуктун жакшырышы, тартипке көнүү жана активдүү жашоого болгон сүйүүнү калыптандыруу жөнүндө болуп жатат", — деп белгиледи агенттиктин директору.
Арызды 1-февралдан тартып эркектер да, аялдар да бере алышат. Тандоо 15-февралда жыйынтыкталат. Андан кийин катышуучулардын иш графигине жараша машыгуу планы түзүлөт.
Мамлекеттик агенттик катышуучулардын жетишкендиктерин УТРК-Спорт телеканалы, Триатлон федерациясынын YouTube каналы жана социалдык тармактар аркылуу коомчулукка көргөзүүнү убада кылды. Келечекте теннис жана улуттук спорт оюндарынын бир түрү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.