Кыргызстан "БА — Россия" форматынын алкагында мамилени бекемдөөнү көздөйт

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан "Борбор Азия — Россия" форматынын алкагында аймактык күн тартибиндеги бардык негизги маселелер боюнча кызматташууну бекемдөөнү максат кылууда. Бул тууралуу Москвада өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин жана Россиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын жолугушуусунда КР ТИМ башчысынын орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.
Жолугушуу Россия тараптын демилгеси менен уюштурулуп, 2025-2027-жылдарга карата биргелешкен аракеттердин планын жана 2025-жылы Душанбеде өткөн "Борбор Азия — Россия" саммитинде мамлекет башчылары тарабынан сунушталган демилгелерди талкуулоо максатында өткөрүлгөн.
Имангазиев өнөктөштүк мүнөзүндөгү мамилелерди белгилеп, аймактык коопсуздуктун, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын, транспорттук жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровдун сооданы өнүктүрүүгө, жүк ташууну жана эмгектенген жарандардын эркин жүрүшүнө тоскоол болгон жагдайлар менен чектөөлөрдү алып салуу демилгесинин контекстинде миграция маселесине токтолду.
Улуттук кызыкчылыкты туу тутуп... Садыр Жапаровдун тышкы саясатына сереп