Кеп Улуу Ата Мекендик согуштун учурундагы трагедиялуу тагдыр туурасында жүрүп жатат.
Анын болгону тогуз ооз жазуусу нацизмдин жүрөктү титиреткен кылмыштарынын күбөсү катары калды. Кайыктырган суукта, ачарчылыкта жакындарын биринин артынан бирин жоготуп отурганын баяндап жазган кичинекей кыздын кадимки блокноту кийин кылым соту Нюрнберг процессинде окулган.
Савичевдердин үй-бүлөсү. Согуш чоң бүлөнүн эң кенжеси Таняны Васильевский аралында чеңгелине алган. Ал каникулдардын ордуна чатырларда нөөмөттө туруп, бомбалоолордун алдында чоңдорго жардам берүүгө мажбур болгон. 1941-жылдын ырайымсыз кышында алсыз, арык кыздын эң жакын, эң кымбат адамдары биринен сала бири көз жумат.
Күйүттүү күндөлүк. Таня трагедиясын көк карандаш менен кыска, өкүм сымал жазып, тизмектеп отурган. Ал жазуулар аяздуу күндөрү Ленинград курчоосунун учурунда суук батирлерде өчкөн өмүрлөрдүн символу болуп калды.
...Арыктап, сүлдөрү калган Таняны санитардык бригада таап, блокададан Горький облусуна алып чыгып кеткен. Дарыгерлер кыздын өмүрү үчүн эки жыл күрөшкөн. Бирок жеттигип калган Таня 1944-жылы ак жайда аркы дүйнөгө кете берген. Ажалдын чеңгелинен эжеси Нина менен агасы Миша аман калганын билбеген бойдон көз жумган. Танянын күндөлүгүн эвакуациядан кайтып келген Нина таап алган.
Күндөлүк азыр Ленинграддагы Тарых музейинде сакталып турат, ал эми көчүрмөсү Пискарев көрүстөнүнө коюлган.