КР РФке көзөмөлгө алынгандардын реестринен чыгуу тартибин жөнөкөйлөтүүнү сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Россия ИИМинин Миграциялык кызматынын өкүлдөрү менен кыргызстандыктардын Россияга кирүү, ал жакта жүрүү жана иштөөсүнө байланышкан маселелерди талкуулады.
"Көзөмөл реестрине киргизилген жарандар так механизмдин жоктугунан андан чыгууда кыйналып жатышат. Россия Федерациясына чыгып кетүүнү талап кылбастан реестрден чыгаруу жол-жобосун бекитүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү сунушталды", — дешти министрликтен.
Тараптар, мындан тышкары, Москва жана Москва облусунда визасыз иштеген эмгек мигранттары үчүн санариптик миграциялык каттоо боюнча "Амина" тиркемесинин ишке киргизилишин талкуулашты. Долбоорду Россиянын башка ири шаарларында да жайылтуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Эскерте кетсек, Имангазиев Москвада өткөн Борбор Азия жана Россиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын биринчи жолугушуусуна катышкан.
Россияга барып иштейм дегендер билип ала турган эреже-талаптардын тизмеси