Илон Маск: "Терминатордогудай" болбош үчүн жасалма интеллектини абайлап колдонолу

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Быйылкы жылдын аягына чейин жасалма интеллект ар бир адамдын акыл-эс жөндөмүнөн ашып түшөт, ал эми беш жылдан кийин бүткүл адамзаттын жалпы акылынан да акылдуу болот. Бул туурасында америкалык мультимиллиардер Илон Маск Давосто өткөн дүйнөлүк эл аралык форумда айтты.
Анткен менен ал дүйнөнү таң калтырып жаткан ЖИни адам баласы салмактап, кылдат пайдаланышы зарылдыгын да эскертти.
"Терминатор" кинофильминдей болбош үчүн жасалма интеллект менен абайлап иштеш керек", — деди ал.
Ишкер жасалма интеллект жаатында 2030-жылдары болуп көрбөгөндөй жаңычылдыктар болорун кошумчалады.
"Быйыл жылдын аягына чейин жасалма интеллект ар бир адамдын акыл-эс жөндөмүнөн алда канча ашып түшөт, ал эми 2030-2031-жылдарга карата бүткүл адамзаттын жалпы акылынан да акылдуу болот", — деген ал.
"Касперский лабораториясы" жасалма интеллектинин алтын доору качан болорун айтты