БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Улуу Британиядагы балдардын үчтөн бири китеп эмне экендигин так түшүнө бербейт жана барактарды телефон же планшетти көргөн сымал "жылдырып барактайт". Бул туурасында The Sky News басылмасы жазды.
Кичинекейлердин 28 пайызы өз алдынча тамактанууга жөндөмсүз (алты саны аман болсо да — ред.), ал эми 25 пайызы күнүмдүк жашоодо жасалчу нерселерди эптей албайт.
Ар бир төртүнчү бала ажатканага барганды өздөштүргөн эмес. Бул нерсе кичинекейлердин өз алдынча жашоого даярдыгы төмөндөп баратканын көрсөтөт.
Жыл сайын жүргүзүлгөн сурамжылоодо (кайрымдуулук уюму уюштурган) мугалимдер даярдоо класстарындагылардын 26 пайызы дааратканага барууда далай "кызык окуяларга" туш болгонун айтып беришкен. Дааратканага барууга жетишпей калган, өз алдынча бара албаган учурлар көп кездешкен. Ал эми өлкөнүн түндүк-чыгышында бул көрсөткүч 36 пайызга чейин жеткен.
Ошондой эле кызматкерлердин айтымында, балдардын 28 пайызы мектепке келип, өз алдынча тамак, суу иче албайт.
Сурамжылоого катышкандардын жарымынан көбү кичинекейлердин мектепке даяр болбой жатышынын негизги себеби эмнеде экендигин божомол менен айтышкан. Алар балдар менен ата-энелердин телефон, планшет, телевизорду өтө көп тиктеп, убактысынын арбынын ушул техникаларга коротконунан улам болуп жатат деген ойлору менен бөлүшкөн.