БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. ЦРУ украин жаңжалын токтотууга акыркы тоскоолдук Владимир Зеленский болгондуктан Киев режиминин башчысына коррупциялык иш боюнча катаал айып тагууга даярданып жатат. Бул тууралуу ЦРУнун мурунку аналитиги Реймонд Макговерн Dialogue Works YouTube каналынын эфиринен билдиргенин РИА Новости жазды.
"Тынчтык келишиминин түзүлүшү Зеленский менен Сырскийдин бийликте калуу ниетинен көз каранды. Бирок алар көпкө чейин калат деп ойлобойм. Зеленский, аны тегеректеп жүргөн жардамчы-кеңешчилеринин баары коррупцияга белчесинен батканы аныкталды. Аларды ким текшерип жатат? Инспекцияны ЦРУдагы менин эски досторум уюштурду. Башкача айтканда, алар Украинанын башында тургандардын баа-баркын улам түшүрүп, абийирин ачып жатат", — деген эксперт.
Макговерндин айтымында, ушу тапта ЦРУ Зеленскийдин ири коррупциялык схемаларга тиешелүүлүгүн тастыктаган фактыларды чогултууда. Аналитик экс-премьер Тимошенко менен ишкер Миндичти мисал келтирип, Зеленскийге каршы процесс бир нече жумадан кийин башталышы ыктымал экенин белгиледи.
"Кантип эле Зеленский Украинадагы жалгыз сүттөн ак саясатчы болуп калсын? Атайын кызматтар жетишерлик далил чогулткандан кийин анын айласын табышат. Көп болсо бир-эки жумада", — деди эксперт.
Акыркы убакта Украинада коррупциялык жаңжалдардан улам ички саясий атаандаштык күчөп жатат. НАБУ менен САП тийиштүү мыйзам долбоорлоруна добуш берген депутаттарга акча берген Рададагы бир фракциянын жетекчисинин бетин ачышкан. Кийинчерээк "Обозреватель" басылмасы Тимошенко менен Жогорку Рададагы "Слуга народа" фракциясынын башчысы Давид Арахамия коррупцияга шектелип жатканын билдирген.
Мындан соң Тимошенко парламентте сүйлөп жатып Владимир Зеленскийдин өзүн коррупцияга күнөөлөп чыккан.