БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкектин бир нече көчөсүнө жол кыймылынын эрежелери бузулганын аныктай турган аппараттык-программалык комплекстер орнотулду. Бул тууралуу жол милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул видеокамералар президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин IT-адистери тарабынан иштелип чыккан программалар менен иштейт.
"Мындан ары Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспекти толугу менен көзөмөлгө алынат. Ошондой эле Ахунбаев — Токтоналиев жана Махатма Ганди — Баялинов көчөлөрүнүн кесилиштерине камералар орнотулду", — деп айтылат маалыматта.
Аппараттык-программалык комплекстер төмөнкү укук бузууларды аныктайт:
коопсуздук курун тагынбагандарды;
каршы тилкеге чыгууну;
ылдамдыкты чегинен ашырууну;
жол чырак кызыл күйгөндө өтүп кетүүнү;
жол белгилеринин жана чийиндердин талаптарын аткарбоону.
Ички иштер министрлиги быйыл "Коопсуз өлкө" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында республика боюнча 20 миңден кем эмес видеокамера коюларын билдирди. Алар жолдорду эле эмес, коомдук жайларды, көчөлөрдү, эл көп чогулган жана туристтик аймактарды да көзөмөлдөп турат.