АКШ Гренландиянын табигый ресурстарына кызыкдар экенин Вэнс мойнуна алды

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс NewsMax агенттигине берген интервьюсунда өлкө Гренландиянын табигый ресурстарын кошо бөлүп алууга ниети бардыгын айтты.
"Биз бул сонун аймактагы байлыкты, пайдалуу кендерди жана ресурстары бөлүшүүнү каалайбыз. Ошондуктан аны коргоп келебиз", — деген Вэнс.
Буга чейин Ак үйдүн кожоюну Дональд Трамп Данияга таандык Гренландия аралы АКШга табигый ресурстары үчүн керек деген сөздү четке каккан.
Шаршембиде Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында Трамп АКШнын НАТОдогу өнөктөшү Дания менен согуш баштай турганын элестете албасын айткан. Ал бүгүн Гренландия боюнча түбөлүккө түзүлчү келишим талкууланып жатканын белгиледи.
Трамп Гренландия боюнча: аскер күчүн колдонбойм