24-январга карата аба ырайы

24-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, ашууларында кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика аймактарында жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Талас облусунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…-5, Ысык-Көл жергесинде -4…+1, Нарын өрөөнүндө -13…-18 градус суук болот.
Термометр Бишкек менен Ош шаарында 0…-2 градусту көрсөтөт.
Салыштырмалуу жылуу болуп, кар аз түшөт. Февралга карата аба ырайынын божомолу