Кыргызстандын кум үстүндөгү волейбол боюнча U-21 кыздар курама командасынын оюнчулары Роза Расулбекова жана Айтурган Айтбекова Мексикада өткөн дүйнө чемпионатына барып, тажрыйба топтоп келишти. Ири спорттук мелдештеги оюндар, окуу-машыгуу жыйындары, пландар тууралуу Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Дордой волейбол клубунун оюнчусу Роза Расулбекова сөз кылды.