Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Россия ИИМинин Миграциялык кызматынын өкүлдөрү менен кыргызстандыктардын Россияга кирүү, ал жакта жүрүү жана иштөөсүнө байланышкан маселелерди талкуулады. "Көзөмөл реестрине киргизилген жарандар так механизмдин жоктугунан андан чыгууда кыйналып жатышат. Россия Федерациясына чыгып кетүүнү талап кылбастан реестрден чыгаруу жол-жобосун бекитүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү сунушталды", — дешти министрликтен. Тараптар, мындан тышкары, Москва жана Москва облусунда визасыз иштеген эмгек мигранттары үчүн санариптик миграциялык каттоо боюнча "Амина" тиркемесинин ишке киргизилишин талкуулашты. Долбоорду Россиянын башка ири шаарларында да жайылтуунун маанилүүлүгү белгиленди. Эскерте кетсек, Имангазиев Москвада өткөн Борбор Азия жана Россиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын биринчи жолугушуусуна катышкан.
Кыргызстанда пенсияга чыгуу үчүн зарыл болгон стаж өзгөрдү. Бул тууралуу Соцфонддун маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү мыйзамга 2024-жылы өзгөртүү киргизилген. Эски эреже боюнча аялдар 58, эркектер 63 жашка жетип пенсияга чыгуу үчүн 20 жылдык стаж талап кылынчу. Былтыртан бери 5 жыл эле суралат. Бирок ал жыл сайын өзгөрүп турат. Мисалы, быйыл 6 жыл, кийинки жылы 7 жылдык стаж керек болот. Ушинтип отуруп 20 жылга барганда токтойт
Бишкектин бир нече көчөсүнө жол кыймылынын эрежелери бузулганын аныктай турган аппараттык-программалык комплекстер орнотулду. Бул тууралуу жол милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул видеокамералар президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин IT-адистери тарабынан иштелип чыккан программалар менен иштейт. "Мындан ары Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспекти толугу менен көзөмөлгө алынат. Ошондой эле Ахунбаев — Токтоналиев жана Махатма Ганди — Баялинов көчөлөрүнүн кесилиштерине камералар орнотулду", — деп айтылат маалыматта. Аппараттык-программалык комплекстер: коопсуздук курун тагынбагандарды; каршы тилкеге чыгууну; ылдамдыкты чегинен ашырууну; жол чырак кызыл күйгөндө өтүп кетүүнү; жол белгилеринин жана чийиндердин талаптарын аткарбоо укук бузууларды аныктайт . Ички иштер министрлиги быйыл "Коопсуз өлкө" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында республика боюнча 20 миңден кем эмес видеокамера коюларын билдирди. Алар жолдорду эле эмес, коомдук жайларды, көчөлөрдү, эл көп чогулган жана туристтик аймактарды да көзөмөлдөп турат.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс NewsMax агенттигине берген интервьюсунда өлкө Гренландиянын табигый ресурстарын кошо бөлүп алууга ниети бардыгын айтты. "Биз бул сонун аймактагы байлыкты, пайдалуу кендерди жана ресурстары бөлүшүүнү каалайбыз. Ошондуктан аны коргоп келебиз", — деген Вэнс. Буга чейин Ак үйдүн кожоюну Дональд Трамп Данияга таандык Гренландия аралы АКШга табигый ресурстары үчүн керек деген сөздү четке каккан. Шаршембиде Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында Трамп АКШнын НАТОдогу өнөктөшү Дания менен согуш баштай турганын элестете албасын айткан. Ал бүгүн Гренландия боюнча түбөлүккө түзүлчү келишим талкууланып жатканын белгиледи.