Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык уулоого мораторий киргизилип, бул алкакта балык кое берүү, икраларды жасалма жол менен өстүрүү жана чабактарды көлдөргө чыгаруу иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Икра өндүрүү процесси энелик балыктарды тандоо, икра алуу, инкубациялоо жана чабактарды өстүрүү этаптарынан турат.
Ал үчүн өлкөдө инкубациялык цехтер жетиштүүбү? Акыркы жылдары кайсы балык түрлөрүнүн чабыктары кое берилип жатат жана эмне үчүн дал ушул түрлөр тандалат? Өлкөнүн балыктары кайсы өлкөлөргө экспорттолот? Экспорттодо тоскоолдуктар жокпу? Мамлекет тарабынан кандай колдоолор бар? Балык чарбачылыгы тармагында адистер жетиштүүбү? Ушул жана башка суроолорубузга “Ачык кеп” берүүсүнүн алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин башкы адиси Бексултан Мелис бек уулу жооп берди.