Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына арналган коллегиясына катышты.Ички иштер министри Улан Ниязбеков кылмыштуулук менен күрөшүү, милициянын ишине санариптик технологияларды киргизүү жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча жасалган иштер тууралуу маалымат берди.Жыйында Адылбек Касымалиев министрликтин кызматкерлерине эл аралык сапарларда коопсуздукту камсыз кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ведомствонун калк менен түз иштеши жана мыйзамдуулукту сактоодо маанилүү ролун баса белгиледи.Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөдөгү тынчтык жана коомдук тартип экономикалык өсүш үчүн негиз болгонун белгиледи. 2025-жыл тарыхый жыл катары эске алынды: консолидацияланган бюджет 1 триллион сомдон ашып, 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик беш эсеге өскөн.Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев министрликтин ийгиликке жетишкен кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды жана милиция кызматкерлерин кыраакы болуп, иштемдүүлүктү сактоого чакырды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бүгүн өлкөнүн ашууларында жол ачык жан каттам бар экенин билдирди. Маалыматта белгиленгендей, өлкөнүн бардык облустарында Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды толук көзөмөлдөп, атайын кезметке туруу менен күнү-түнү тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат. Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
Ош шаарында сырттан келген жарандардан акча талап кылган милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди."Ал чет өлкөлүктөрдүн эмгек ишин жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтери жок экенин билип туруп, алардан ай сайын "калкалоо" деп 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин алып турган. Акча берүүдөн баш тарткан учурда айып пул салуу жана мындан ары депортациялоо менен коркуткан", — деп маалымдайт мамлекеттик комитет. Шектүү кезектеги акча суммасын алып жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Владимир Зеленскийдин Давосто Украинаны калыбына келтирүү боюнча макулдашууга кол койбогону жеңилүүгө тете болду. Мындай маанидеги макаланы Financial Times жазды. Басылма анын бул кадамын саясий утулуш катары сыпаттаган. Саммитке чейин америкалык аткаминерлер менен талкууланган документтер толук иштелип чыкпай, натыйжада кол коюлган эмес. АКШ президенти Дональд Трамп Зеленский менен бир саатка созулган жолугушуудан кийин Швейцариядагы курорттон кетип калган. Жыйынтыгында тараптардын ортосундагы кандайдыр бир келишим боюнча анык бир макулдашуу болгон эмес. Буга чейин Politico гезити Зеленский Трамптын Давос сапарындагы көзмө-көз сүйлөшүү боюнча алдын ала белгиленген графигине жазыла албай койгонун билдирген. Анткен менен Давостогу дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөп жатып, шаршембиде Зеленский менен жолуга турганын билдирген эле. Айтылган жолугушуу бир саатка жетпеген убакытта бүтүп калган. Трамп ага оң баасын берип, тынчтыкка багыт алган талкуулар уланып жатканын белгилеген.