Өспүрүм курак жана аны туура өткөрүү: ата-энелер эмнени билиши керек?

Sputnik
Өспүрүм курак — бул баланын организминде жана психологиясында олуттуу өзгөрүүлөр жүргөн, балалыктан чоңдор дүйнөсүнө өтүү мезгили. Бул учурда баланын мүнөзү калыптанып, өз алдынчалуулукка жана өзүн таанууга умтулуу күчөйт. Өспүрүмдөр көп учурда эмоциясын башкара албай, айлана-чөйрөгө сезимтал мамиле кылышат. Ошондуктан бат ачууланып же капаланып кылышы мүмкүн. Бул куракты туура өткөрүү үчүн ата-энелер балдары менен көбүрөөк сүйлөшүп, түшүнүүгө аракет кылышы керек. Өспүрүм өзү да пайдалуу иштер менен алектенип, спортко же хоббиге убакыт бөлгөнү жакшы. Жакын адамдардын колдоосу бул мезгилди жеңилирээк өткөрүүгө жардам берерин психолог Миргүл Сатимбаева кеп кылды.