Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Салык кызматы чакан жана орто ишкердик субъектилерге карата рейддик салыктык көзөмөлдү жана контролдук сатып алууну 2026-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу токтотту. Салык кызматынын маалыматына ылайык, бул чечим учурдагы экономикалык кырдаалда чакан жана орто ишкердик субъектилерди колдоо, бизнеске административдик басымды азайтуу, ошондой эле анын өнүгүшү үчүн жагымдуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган. Тактап айтканда, контролдук-кассалык машиналарды, эсеп-фактураларды колдонуу, банктык төлөм карталары, электрондук акчалар жана улуттук стандарттагы эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин пайдалануу аркылуу жүргүзүлгөн операциялар, ошондой эле товарларга карата алгачкы эсепке алуу документтеринин бар-жогун текшерүү боюнча рейддик салыктык көзөмөл жана контролдук сатып алуу убактылуу токтотулат.Ошондой эле ишкерлер арасында контролдук-кассалык машиналарды, эсеп-фактураларды жана накталай эмес төлөмдөр үчүн колдонулуучу жабдууларды колдонуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү чаралары көрүлөт.
Салык кызматы 2024-жылга карата мамлекеттик кызматкерлер толтурган декларацияны жарыялады.Ага ылайык, финансы министри Алмаз Бакетаев бир жылда 7 миллион 36 миң сом таап, айлык кирешеси 584 миң сомду түзгөн. ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевдин капчыгына бир жылда 6 миллион 689 миң сом түшкөн. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 1 миллион 723 миң сом, айына 143 миң сом тапкан. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жылдык кирешеси 1 миллион 65 миң сомду, айлык кирешеси 88 800 сомду түзгөн.Бул суммага, маянадан тышкары, мыйзам тарабынан уруксат берилген башка кирешелер да кириши мүмкүн.
Бишкекте "Сүймөнкул" улуттук мюзикли көрүүчүлөргө тартууланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Анда белгиленгендей, мюзикл Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 12–17-февраль күндөрү коюлат. Мюзикл акын Акбар Кубанычбековдун калемине таандык.
Россия Палестина элине жардам көрсөтүү үчүн Тынчтык кеңешине 1 миллиард доллар бөлүүгө даяр. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин РФ Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен өткөн жыйында билдирди.Путиндин айтымында, Москва бул түзүмгө расмий катышуу маселеси чечилгенге чейин, мурдагы АКШ администрациясынын тушунда тоңдурулган орус активдеринен каражат бөлүүгө даяр."АКШдагы тоңдурулган активдерибизден калган каражаттар Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин согуштан жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө да жумшалышы мүмкүн. Биз бул мүмкүнчүлүктү АКШ администрациясынын өкүлдөрү менен талкуулап жатабыз", – деди Путин.Ал бул маселелердин бардыгын Палестинанын президенти Махмуд Аббас, ошондой эле америкалык өкүлдөр Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен бүгүн боло турган жолугушууда талкуулоону пландап жатканын кошумчалады. Алар 22-январда Украина маселесин жөнгө салуу боюнча диалогду улантуу үчүн Москвага келишет.