Нарышкин: ЕБ лидерлери кайрадан АКШны Киевдин демөөрчүсү кылууга аракеттенүүдө

Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору бир катар европалык өлкөлөрдүн башчылары АКШны кайрадан Киев режиминин башкы демөөрчүсү болууга ынандырууга аракет кылып жатканын билдирди. Алардын максаты — жаңжалды дагы күчөтүү.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв.— Sputnik. Европанын бир катар мамлекеттеринин лидерлери топтошуп же жалгыздап алып АКШны Киевге демөөрчү болууга ынандыруу аракетин кылууда. Мындай маалыматты Россиянын Тышкы чалгын кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкин РИА Новостидеги маегинде айткан.
Башкы чалгынчы Украина боюнча тынчтык келишимдерин бузуу евроатлантикалык "каймактардын" жалгыз эле максаты эместигин белгиледи.
"Европанын бир катар мамлекеттеринин лидерлери топтошуп же жалгыздап АКШны Киевге демөөрчүлүк кылууга, бул жаатта иш алып барган негизги күч болууга ынандырууга аракет кылып жаткан учуру", — деген ал.
Буга чейин Нарышкин "каалоочулар коалициясы" Украина боюнча тынчтык жараянын бузуп салууга болгон-бүткөн күчү менен аракет кылып жатканын билдирген. Башкы чалгынчынын айтымында, Россия үчүн таптакыр кабыл алынгыс шарттарды таңуулоого умтулушууда.
Ал мунун баары жаңжалдын масштабы менен мүмкүнчүлүгүнүн өсүшүнө, ал тургай ири масштабдагы аскердик кагылышууга чейин алып келиши ыктымалдыгын белгилеген.
РФ ТИМи: Украина менен ЕБ бийлиги бардык сүйлөшүүлөрдү бөгөттөгүсү бар