Таласта 53 жер тилкеси мыйзамсыз таратылган. УКМК шектүүнү кармады

Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Талас облусунун Айтматов районунда жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүүгө байланыштуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, Кара-Буура айыл өкмөтүндө токтомдор жасалмаланып, 43 жаранга жалпы аянты 10 гектар 75 соток болгон жер тилкелери мыйзамсыз берилген.
“Ыкчам маалымат боюнча, ушундай жол менен жалпысынан 56 жер тилкеси мыйзамсыз таратылган. Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Айтматов филиалынын адиси Э.А.Т. өзүнө карата текшерүүнү токтотуу жана жоопкерчиликтен качуу үчүн пара сунуштаган. Ал 20-январда 100 миң сом берип жаткан жеринен колго түшүрүлдү”, — деди атайын кызмат.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.
Фура айдоочуларынан пара алган деп Транспорт министрлигинин 7 кызматкери кармалды