Россиялык актерлор тартылган “Бейиш 2: апага кат” тасмасы ай аягында көрсөтүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Россиялык актерлор кыргызстандык “Бейиш 2: апама кат” фильминде тартылды.
Бул – “Бейиш эненин таманында” аттуу популярдуу кинотасманын уландысы.
Фильмде 9 жаштагы Самирдин тагдыры баяндалат. Балдар үйүндө тарбияланган жеткинчек дээрлик эстебеген апасын табууну кыялданат. Аны эң жакын досу Адил колдойт. Адил 35 жаштагы боорукер, бала мүнөз каарман. Самир апасы эмгектенген Москвага качууну чечет.
1 / 3

Россиялык актерлор кыргызстандык “Бейиш 2: апама кат” фильминде тартылды

2 / 3

Бул – “Бейиш эненин таманында” аттуу популярдуу кинотасманын уландысы

3 / 3

Тартуу иштери Кыргызстанда, Казакстанда, Беларусь жана Россияда жүргөн

Тартуу иштери Кыргызстанда, Казакстанда, Беларусь жана Россияда жүргөн. Фильмге орус актерлору да тартылган. Алардын ичинде Станислав Бондаренко, Алексей Щербаков, “Бригада” сериалындагы ролу менен белгилүү болгон Павел Майков жана башкалар бар.
Фильм казак, өзбек жана орус тилдерине которулган. Премьерасы 29-январда Кыргызстанда өтөт. Андан кийин фильм КМШ өлкөлөрүндө көрсөтүлөт.
“Чебурашка 2” тасмасы эл аралык кассалык жыйымдар рейтингинде 3-орунду ээледи