БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Россия Палестина элине жардам көрсөтүү үчүн Тынчтык кеңешине 1 миллиард доллар бөлүүгө даяр. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин РФ Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен өткөн жыйында билдирди.
Путиндин айтымында, Москва бул түзүмгө расмий катышуу маселеси чечилгенге чейин, мурдагы АКШ администрациясынын тушунда тоңдурулган орус активдеринен каражат бөлүүгө даяр.
"АКШдагы тоңдурулган активдерибизден калган каражаттар Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин согуштан жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө да жумшалышы мүмкүн. Биз бул мүмкүнчүлүктү АКШ администрациясынын өкүлдөрү менен талкуулап жатабыз", – деди Путин.
Ал бул маселелердин бардыгын Палестинанын президенти Махмуд Аббас, ошондой эле америкалык өкүлдөр Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен бүгүн боло турган жолугушууда талкуулоону пландап жатканын кошумчалады. Алар 22-январда Украина маселесин жөнгө салуу боюнча диалогду улантуу үчүн Москвага келишет.