БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШ менен Дания Гренландия боюнча өздөрү чечишип алышат. Аталган аралга байланышкан эки тараптын кадамы боюнча пикирин РФ лидери Владимир Путин ушундайча билдиргенин РИА Новости жазды.
АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэла боюнча операциядан кийин, 4-январда, аталган арал Кытай менен РФтин кемелерине курчалып калгандыктан Штаттар аймакка кол сунуп жаткандыгын айткан.
Ал эгерде Америка Даниянын бул автономиясын өзүнө албаса, аймак Кытай же Россияга тийип калышы ыктымал деген оюн жар салган.
"Алар өз ара чечишип алат (АКШ жана Дания) деп ойлойм", — деген Путин.
Ал РФтин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Алясканы мисал келтирип, Гренландиянын наркы 200-250 миллион доллар болмоктугун божомолдогон.
"Эгерде ал кездеги бааны алтын менен салыштырып эсептесек, бул сандар алда канча көп болмок, кыязы, миллиардды чапчымак (доллар — ред.)". Бирок Кошмо Штаттар муну деле көтөрө алат", — деген президент.
РФ лидери Даниянын АКШ менен жер сатууда тажрыйбасы барын эске салган.
"Башкысы, Даниянын Америка менен бул жаатта тажрыйбасы бар. Кыязы, 1917-жылы болсо керек, Дания сатып, Америка Виргиния аралдарын алган. Андыктан мындай тажрыйба болгон", — деген ал.
Трамп көзүн арта баштаган Гренландия учурда Дания бийлигинин курамында турат. 1953-жылга чейин аймактык макамы башка эле, тагыраагы, Даниянын колониясында болчу. 2009-жылы толук автономияга ээ болуп, ошондон бери ички саясатын өзү жүргүзүп келет.