Өзгөндө 2 айлык ымыркай кыйма жасалгандан кийин чарчап калды

Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Өзгөндө эки айлык ымыркай кыйма жасалгандан кийин чарчап калды. Бул тууралуу маалыматты Sputnik агенттигине облустук милиция тастыктады.
Ал эми медиктер окуя кечээ болгонун кабарлашты. Бөбөк ооруканага оор абалда жеткирилген. Текшерүү учурунда ымыркайдын гемоглобини 45ке түшүп кеткени аныкталган.
"Ымыркайга (уул) кыйма (кан чыгарышкан) жасатышкан. Ал жандандыруу бөлүмүнө тырышып, гемоглобини түшүп кеткен абалда, жонундагы көптөгөн тиликтер менен түшкөн. Биз милицияга кайрылып, анын ата-энеси менен кыйма жасаган аялга карата чара көрүүнү сурандык", — деп билдиришти дарыгерлер.
Саламаттык сактоо министрлиги табыпчылыкты мыйзамдаштырууну сунуштады