"Бишкек" ЭЭАда чыккан өрттөн чет элдик жаран каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Чынгыз Айтматов проспектинде жайгашкан “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттүн аянты болжол менен 900 чарчы метрди түзүп, анын кесепетинен бир чет элдик жаран каза болгон.
Тилсиз жоо саат 02:58де чектөөгө алынып, саат 05:58де толук өчүрүлгөн.
Чүйдө күйүп кеткен автоунаадан эки адамдын сөөгү табылды. Окуянын чоо-жайы