Бишкек мэриясынын кызматкери 1 млн. сом пара менен кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. "Бишкек шаардык транспорт" ишканасынын кызматкери 1 миллион сом пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирди.
Муниципалдык ишкананын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн айрым кызматкерлери тендердик кызматтардын наркынын 10 пайызын системалуу түрдө талап кылган.
Тергөөнүн жыйынтыгында А.К.Ш. аттуу кызматкер пара алып жатканда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Камерадан жашырып акча алышкан. УКМК бажычыларды кармады