БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Салык кызматы 2024-жылга карата мамлекеттик кызматкерлер толтурган декларацияны жарыялады.
Ага ылайык, финансы министри Алмаз Бакетаев бир жылда 7 миллион 36 миң сом таап, айлык кирешеси 584 миң сомду түзгөн. ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевдин капчыгына бир жылда 6 миллион 689 миң сом түшкөн.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 1 миллион 723 миң сом, айына 143 миң сом тапкан. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жылдык кирешеси 1 миллион 65 миң сомду, айлык кирешеси 88 800 сомду түзгөн.
Бул суммага, маянадан тышкары, мыйзам тарабынан уруксат берилген башка кирешелер да кириши мүмкүн.