БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын 11 айында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр менен өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 4,9 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Бул көрсөткүчтү 2024-жылдын январь-ноябрь айлары менен салыштырганда 1,3 пайыздык өсүш байкалат.
Кыргызстан сооданын эң көп бөлүгүн Россия (64,1 пайыз) жана Казакстан (33,5 пайыз) менен жүргүзгөн.
Өлкөнүн жалпы товар жүгүртүүсүндөгү ЕАЭБдин үлүшү 35,2 пайызды түздү.