Минкаб көрүүсү начар балдар окуган эки мектепке Брайль машинкаларын берди

Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектеги көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына Брайль системасы боюнча жазган Perkins Brailler Classic үлгүсүндөгү 10 машинка тапшырды.
Адылбек Касымалиев көрүүсү начар жана азиз балдардын мектеп-интернатына Брайль системасы боюнча жазган 10 машинка тапшырды
Өкмөт берген маалыматка ылайык, тиешелүү жабдууларды сатып алууга 3 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Дагы 10 машинка Ош шаарындагы ушундай эле мектеп-интернатка берилет.
Perkins Brailler Classic машинкалары окуу процессин уюштурууда маанилүү жана натыйжалуу курал болуп саналат. Алар Брайль арибинде жазууну системалуу, ырааттуу жана практикага багытталган окутууга шарттарды түзүп, окуучулардын өз алдынча иштөө көндүмдөрүн жакшыртат.
Офтальмолог баланын көзүн канча убакта бир текшертип туруу керектигин айтты