Илимдер академиясынын мыйзамсыз менчиктештирилген жери кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Улуттук илимдер академиясынын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1997-жылы Бишкек мэриясы Кара-Жыгач токоюнун аймагынан Токой институтуна илимий изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн 11,2 гектар жер бөлүп берген. Бирок бул жер тилкеси тиешелүү мамлекеттик каттоодон өткөн эмес. Мындай мүчүлүштүктөн пайдаланган айрым кызмат адамдары жерди бир нече бөлүккө бөлүп, жеке жактарга сатып жиберишкен.
Илимдер академиясынын мыйзамсыз менчиктештирилген жери кайтарылды
Жер тилкеси мамлекеттик каттоодон өтүп, мамлекеттин балансына кайтарылды. Ошондой эле аймакты мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Таласта 53 жер тилкеси мыйзамсыз таратылган. УКМК шектүүнү кармады