БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Швейцариянын Давос шаарында 18 өлкөнүн өкүлдөрү Газа боюнча Тынчтык кеңешинин уставы жөнүндө келишимге кол коюшту. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Салтанатка АКШ президенти Дональд Трамп катышты.
Документке Армения, Аргентина, Азербайжан, Болгария, Венгрия, Индонезия, Иордания, Казакстан, өзүн-өзү жарыялаган Косово, Пакистан, Парагвай, Катар, Сауд Арабиясы, АКШ, Түркия, БАЭ, Өзбекстан жана Монголиянын өкүлдөрү кол койгон.
Трамп сүйлөп жатып, ага Тынчтык кеңешинин бардык мүчөлөрү жагарын белгиледи.
"Адатта таптакыр жакпаган эки-үч адам болот", — деген ал.
Маалыматта кеңештин мүчөлөрү отурган сахнада Батыш Европанын бир да өкүлү болбогону айтылат.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролин Левиттин айтымында, Тынчтык кеңешине расмий түрдө эл аралык уюм деген макам ыйгарылды. Ага башка мамлекеттер да кошула алат, кеңештин ишмердүүлүгү Газадан тышкаркы да региондорду камтышы мүмкүн.
Тынчтык кеңеши түзүлүп жатканын Трамп өткөн жуманын соңунда жар салган. Ага өзү төрага болот. Курамында мамлекеттик катчы Марко Рубио, атайын чабарман Стив Уиткофф, инвестор Жаред Кушнер, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин орун басары Роберт Гэбриэл, Британиянын экс-премьери Тони Блэр жана Дүйнөлүк банктын башчысы Ажай Банга бар.
Россия президенти Владимир Путин РФти Тынчтык кеңешинин курамына кирүүгө чакырганы үчүн Трампка ыраазычылык билдирип, Тышкы иштер министрлигине сунушту карап чыгууну тапшырган.