Чүйдө унаа өрттөнүп, эки киши күйүп кеткен окуя. Адам өлтүрүү боюнча иш козголду

Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Чүйдө унаа өрттөнүп, кыз менен жигит күйүп кеткен окуя боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Күмүш түстүү Volkswagen Golf-3 унаасы 20-январда Спартак айылынын четиндеги көлмөнүн жанында күйүп кеткен. Ичинен 26 жаштагы бала менен 16 жаштагы окуучунун сөөгү табылган. Алгачкы маалыматтарда жигит унааны 10 күн мурун алганы, сол фарасы иштебей электрикке кайрылганы айтылган. Адис машинанын техникалык абалы өтө начардыгын, айдоо кооптуу экенин эскерткен.
Анткен менен тыкыр тергөө иштеринин натыйжасында кылмыштын белгилери байкалып, "Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголду. Маркумдардын сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн.
Облустук милиция жарандардан жалган маалымат таратпоону өтүндү.
Чүйдө өспүрүм кызды уурдап, муунткан деп эки аял менен эркек кармалды