Өлкөдө жыл аягына чейин рейддер жана контролдук сатып алуулар токтотулду

Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Салык кызматы чакан жана орто ишкердик субъектилерге карата рейддик салыктык көзөмөлдү жана контролдук сатып алууну 2026-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу токтотту.
Салык кызматынын маалыматына ылайык, бул чечим учурдагы экономикалык кырдаалда чакан жана орто ишкердик субъектилерди колдоо, бизнеске административдик басымды азайтуу, ошондой эле анын өнүгүшү үчүн жагымдуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.
Тактап айтканда, контролдук-кассалык машиналарды, эсеп-фактураларды колдонуу, банктык төлөм карталары, электрондук акчалар жана улуттук стандарттагы эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин пайдалануу аркылуу жүргүзүлгөн операциялар, ошондой эле товарларга карата алгачкы эсепке алуу документтеринин бар-жогун текшерүү боюнча рейддик салыктык көзөмөл жана контролдук сатып алуу убактылуу токтотулат.
Бул чаралар төмөнкү ишмердүүлүктү жүргүзгөн жеке ишкерлерге карата колдонулат:
бирдиктүү салыктын 0 жана 0,5 пайыздык ставкалары боюнча жөнөкөйлөтүлгөн салык салуу системасында иштегендер;
патенттин негизинде иш жүргүзгөндөр;
өзгөчө режимдеги соода зонасында ишмердүүлүк үчүн салык төлөгөндөр;
тигүү жана (же) текстиль өндүрүшүндө бирдиктүү салыктын 0,25 пайыздык ставкасы менен иш жүргүзгөндөр.
Ошол эле учурда көзөмөлдөн бошотуу төмөнкү субъектилерге жайылтылбайт:
салыктык каттоосуз жана (же) патенттин негизинде салык төлөбөстөн иш жүргүзгөндөргө;
уюмдардан же жарандардан даттануулар, арыздар түшкөн, ошондой эле тергөө органдарынын токтомдору бар болгон субъектилерге;
салыкты, анын ичинде жумушчу кызматкерлер боюнча салыктарды төлөбөгөндүгү тууралуу тастыкталган маалыматтар же талдоонун жыйынтыктары бар болгон учурларда;
акциздик товарлардын жүгүртүлүшүн ишке ашырган субъектилер — акциздик маркалардын бар-жогун текшерүү бөлүгүндө.
Ошондой эле ишкерлер арасында контролдук-кассалык машиналарды, эсеп-фактураларды жана накталай эмес төлөмдөр үчүн колдонулуучу жабдууларды колдонуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү чаралары көрүлөт.
Минкаб чакан жана орто бизнес ээлерине 6%дык насыя берет