Бишкекте батирлердин баасы төмөндөшү мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкекте батирлердин баасы төмөндөшү мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Мекеменин адиси Айдар Сукенбаевдин айтымында, өткөн жылдын сентябрынан бери борбор калаада батирлердин баасы чарчы метри үчүн 1 400 доллар деңгээлинде туруктуу кармалып турат.
“Ошондон бери кыймылсыз мүлк рыногунда баалардын өсүү темпи жайлады. Буга чейин чарчы метрдин баасы кескин жогорулаган, бирок азыр кырдаал өзгөрүп жатат”, — деди эксперт.
Ал белгилегендей, быйылкы жылдын I чейрегинде бааларда олуттуу өзгөрүү күтүлбөйт, бирок божомолдорго ылайык, II чейректе баалар акырындык менен төмөндөй баштайт.
Үй алууга пенсиялык топтомду бир нече ирет колдонууга уруксат берүү сунушталды