Биринчи этапта долбоор Жыргалаң, Боз-Учук жана Ак-Булак аймактарын камтыйт. Президент Садыр Жапаров долбоор эл аралык деңгээлдеги иштей турган кластерге айланарына ишенет. Табигый жана жасалма кардын аркасында курорт жылдын жети айында үзгүлтүксүз иштемекчи.
Тоо-лыжа базасы жана алты аркан жолу ушул жылдын декабрь айында ишке берилет. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорттун" директору Жаркынбек Максутов билдирди. Ал долбоорду ишке ашырууда Россия тарап менен болгон кызматташтык тууралуу маалымат берди.
"Бизде Алтайдагы жыл бою иштей турган "Миң-Жүрөк" курорту менен келишим бар. Алар бизге кар менен капталган жолдорду жана лыжа трассаларын даярдоодо колдонулуучу машиналарды башкарууну үйрөтүүгө жардам беришет. Октябрда он адамды окутууга жибергенбиз, февралда дагы жөнөтүүнү пландап жатабыз. Мындай долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашууда. Бизге андай достордун жардамы зарыл. Кыргызстанда тоо-лыжа трассаларын даярдоо үчүн каз таман техникасы биринчи жолу колдонулууда", — деди Максутов.
Буга чейин курулуш министри Нурдан Орунтаев менен президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Россиянын тажрыйбасын өздөштүрүү үчүн Алтайга учуп барышкан. Долбоор алкагында аймакта болжол менен 250 чакырым лыжа трассалары салынат, ден соолукту чыңдоочу борборлор жана мейманканалар курулат.
"Ала-Тоо Резорт" азыртан эле туристтерди тартуучу жайга айланууда. Бул жерде 20 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан фрирайд боюнча турнир өткөрүлдү. Мамлекеттик ишкананын директору Россиядан, Европадан, Кытайдан, Казакстандан жана СНГ өлкөлөрүнөн туристтердин чоң агымы күтүлөрүн билдирди.