23-январга карата аба ырайы

23-январда күтүлүп жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Жума күнү көпчүлүк аймактарда кар жаап, айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Таласта -1…-6, Ысык-Көл чөлкөмүндө -2…+3, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…-5, Нарын өрөөнүндө -7…-12 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -2…-4, Ош шаарында 0…-2 градусту түзөт.
Салыштырмалуу жылуу болуп, кар аз түшөт. Февралга карата аба ырайынын божомолу