«Биздин класс» сериалынын кийинки сезонунда кандай окуялар көрсөтүлөт?

Sputnik
«Стоп кадр» программасында бүгүн биз балдардын ички дүйнөсүн, алардын тандоолорун жана келечегине таасир берген окуяларды чагылдырган «Биздин класс» сериалын кеп кылабыз. Сериалдын режиссеру Байгазы Камчыбековдун айтымында, долбоордун экинчи жана үчүнчү сезондорун тартуу пландары башталды. Биринчи сезондо мектептеги көйгөйлүү класс жана ага келген жаңы мугалимдин аракети аркылуу жаштардын көйгөйлөрүн, ата-эненин таасирин жана мугалимдин талыкпас аракетин ачып көрсөткөн. Көрүүчүлөр сериал аркылуу тентек класстын ичиндеги чыңалуу, сый-урматты калыбына келтирүү, ишенимди жаратуу жана чыныгы достук тууралуу окуяларды көрө алышкан.
«Биздин класс» — бул жөн гана мектеп окуясы эмес, жашоого, тандоого жана жоопкерчиликке багытталган чыныгы сабак.