Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектеги көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына Брайль системасы боюнча жазган Perkins Brailler Classic үлгүсүндөгү 10 машинка тапшырды.Өкмөт берген маалыматка ылайык, тиешелүү жабдууларды сатып алууга 3 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Дагы 10 машинка Ош шаарындагы ушундай эле мектеп-интернатка берилет. Perkins Brailler Classic машинкалары окуу процессин уюштурууда маанилүү жана натыйжалуу курал болуп саналат. Алар Брайль арибинде жазууну системалуу, ырааттуу жана практикага багытталган окутууга шарттарды түзүп, окуучулардын өз алдынча иштөө көндүмдөрүн жакшыртат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына берилүүчү “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөк пулу тууралуу түшүндүрмө берди.Ага ылайык, жөлөк пул үч жашка чейинки балдарга жана үчүнчү жана андан кийинки балдарга берилет. Төлөм үй-бүлөнүн кирешесине карабай, бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактардын жашоочуларына, анын ичинде чек арадагы айрым конуштардын тургундарына берилет.Жөлөк пул алуу үчүн аймактык башкармалыктарга паспорт, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана каттоону тастыктаган документтер менен кайрылуу зарыл. Чет өлкөлүк жарандар мыйзамдуу жүргөнүн тастыктаган документтерди тапшырышы керек.Төлөм өлкөдөн биротоло чыгып кетсе, баланын 3 жашка толушу же 3 жашка чейин чарчап калса, үй-бүлөнүн бийик тоолуу аймактан көчүшү, же жөлөк пулду мыйзамсыз алганда токтотулат.
Борбор калаанын башчысы Айбек Жунушалиев "Бишкек суу каналдын" саркынды суу тазалаган жайына барып, видеокомментарий жасады.Ал мурда сууну кол менен, тагыраагы, айры менен тазалоого туура келсе, азыр атайын жабдуулар автоматтык түрдө ишти аткарып жатканын көрсөттү."Мурда жыттан улам бул жерге кирүүгө мүмкүн эмес болчу, айры менен ылгап, тазалашат эле. Эми жыттын бардыгы дароо кетип, тазаланып калып жатат", — деди мэр. Ыплас сууларды тазалоочу жайдын имараты вьетнамдык инвесторлордун көмөгү менен реконструкцияланып жатканын айтты. Инвестициянын көлөмү 56 миллион доллар болуп, чет элдиктер аталган объектини жылдын соңуна чейин ишке берүү пландап жатканын кошумчалады.
Россиянын президенти Владимир Путин, АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер Москвадагы сүйлөшүүлөрдө украин кризисин жөнгө салуу темасы боюнча сүйлөшүүнү улантат. Бул тууралуу Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. АКШнын өкүлдөрү Москвага бүгүн келишет. "Кушнер менен Уиткофф Москвага келип, Путин менен жолугушат. Алар украин кризисин жөнгө салуу жана башка темалар боюнча сүйлөшүүнү улантышат", — деди Песков журналисттерге. Ал арада Уиткофф Украинаны жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш бар экенин билдиргенин Reuters кабарлады. Дипломат жаңжалды токтотуу мүмкүн экенин белгиледи. Ошондой эле ал Украинада бажы төлөмдөрү алынбаган аймак түзүлүшү мүмкүн экенин да жокко чыгарган жок.