Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Салык кызматы чакан жана орто ишкердик субъектилерге карата рейддик салыктык көзөмөлдү жана контролдук сатып алууну 2026-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу токтотту. Салык кызматынын маалыматына ылайык, бул чечим учурдагы экономикалык кырдаалда чакан жана орто ишкердик субъектилерди колдоо, бизнеске административдик басымды азайтуу, ошондой эле анын өнүгүшү үчүн жагымдуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган. Тактап айтканда, контролдук-кассалык машиналарды, эсеп-фактураларды колдонуу, банктык төлөм карталары, электрондук акчалар жана улуттук стандарттагы эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин пайдалануу аркылуу жүргүзүлгөн операциялар, ошондой эле товарларга карата алгачкы эсепке алуу документтеринин бар-жогун текшерүү боюнча рейддик салыктык көзөмөл жана контролдук сатып алуу убактылуу токтотулат.Ошондой эле ишкерлер арасында контролдук-кассалык машиналарды, эсеп-фактураларды жана накталай эмес төлөмдөр үчүн колдонулуучу жабдууларды колдонуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү чаралары көрүлөт.**Бишкекте батирлердин баасы төмөндөшү мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти. Мекеменин адиси Айдар Сукенбаевдин айтымында, өткөн жылдын сентябрынан бери борбор калаада батирлердин баасы чарчы метри үчүн 1 400 доллар деңгээлинде туруктуу кармалып турат. “Ошондон бери кыймылсыз мүлк рыногунда баалардын өсүү темпи жайлады. Буга чейин чарчы метрдин баасы кескин жогорулаган, бирок азыр кырдаал өзгөрүп жатат”, — деди эксперт. Ал белгилегендей, быйылкы жылдын I чейрегинде бааларда олуттуу өзгөрүү күтүлбөйт, бирок божомолдорго ылайык, II чейректе баалар акырындык менен төмөндөй баштайт.
АКШ президентинин администрациясы жылдын аягына чейин Кубадагы бийликти алмаштырууга ниеттенип, ылайыктуу адамдарды издөө менен алек болууда. Бул туурасында Wall Street Journal басылмасы бул иштен кабары бар адамдарга шилтеме кылып жазды. "Венесуэланын президенти Николас Мадуронун бийлигин жок кылганга шаңданып алган Трамптын администрациясы жыл аягына чейин Кубадагы коммунисттик бийликти кулатууга көмөктөшө турган өкмөткө жакын адамдарды караштырып жатат", — деп жазылган анда. Январь айынын башында АКШнын Мамлекеттик департаменти Батыш жарым шарын Вашингтондун кызыкчылык аймагы деп жар салган. Андан мурдараак Трамп Монро доктринасын унутпоого чакырган. Бул доктрина Америка континентин башка өлкөлөрдүн кийлигишүүсү үчүн жабык аймак деп жарыялайт. Тагыраагы, аталган континентке башка ири державалар аралашпашы керек деген позиция. Венесуэладагы аскердик операциядан кийин Трамп Кубанын жетекчилигин опузалоого өттү. Ал аралдагы бул мамлекет коопсуздук кызматтары үчүн кенемте катары венесуэлалык мунайды мындан ары ала албай калат деп сөөмөй кезеген.
Россия Палестина элине жардам көрсөтүү үчүн Тынчтык кеңешине 1 миллиард доллар бөлүүгө даяр. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин РФ Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен өткөн жыйында билдирди. Путиндин айтымында, Москва бул түзүмгө расмий катышуу маселеси чечилгенге чейин, мурдагы АКШ администрациясынын тушунда тоңдурулган орус активдеринен каражат бөлүүгө даяр. "АКШдагы тоңдурулган активдерибизден калган каражаттар Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин согуштан жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө да жумшалышы мүмкүн. Биз бул мүмкүнчүлүктү АКШ администрациясынын өкүлдөрү менен талкуулап жатабыз", – деди Путин. Ал бул маселелердин бардыгын Палестинанын президенти Махмуд Аббас, ошондой эле америкалык өкүлдөр Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен бүгүн боло турган жолугушууда талкуулоону пландап жатканын кошумчалады. Алар 22-январда Украина маселесин жөнгө салуу боюнча диалогду улантуу үчүн Москвага келишет.