2025-жылдын декабрь айында Юстиция министрлигинин демилгеси менен өлкөнүн жети облусунда жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн ченем жаратуу боюнча жалпы республикалык окутуулар өткөрүлдү. Иш-чарага жергиликтүү кеңештердин төрагалары, депутаттар, жооптуу катчылар, айыл өкмөт башчылары жана мэрлер катышты. Жалпысынан өлкө боюнча 820 адам окутулуп, бул акыркы жылдардагы ченем жаратуу тармагындагы эң ири программа болду. Окутууларда ченемдик укуктук актыларды түзүү, токтом долбоорлорун даярдоо жана юридикалык техниканын талаптары боюнча билим берилди.
Бул окутуулар жергиликтүү кеңештердин чечимдеринин сапатын жана мыйзамдуулугун жогорулатууга багытталганын Юстиция министрлигинин Укуктук маалымат башкармалыгынын башкы адиси Кымбат Чокоева менен Өнүктүрүү саясат институтунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча эксперт Руслан Досалиев айтып берди.