Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Өлкөдөгү бардык кибер кылмыштардын 90 пайызын кибер алдамчылык түзөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн киберкоопсуздук боюнча эл аралык илимий конференцияда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өкүлү Чолпон Назаркулова билдирди.Анын айтымында, көпчүлүк киберкылмыштар IT-технологиялар тармагында атайын билими бар хакерлер же кибер кылмышкерлер тарабынан акча табуу максатында жасалат.Ошондой эле ал 11 айдын ичинде Бишкек шаарынын аймагында 1 миң 800 алдамчылык же кибер кылмыш катталып, анын 1 миң 400 учуру кылмыш ишин козгоодон баш тартышканын маалымдады.
Чынгыз Айтматов проспектинде жайгашкан “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалыматка ылайык, өрттүн аянты болжол менен 900 чарчы метрди түзүп, анын кесепетинен бир чет элдик жаран каза болгон.Тилсиз жоо саат 02:58де чектөөгө алынып, саат 05:58де толук өчүрүлгөн.
Улуттук илимдер академиясынын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Буга чейин Улуттук илимдер академиясынын объектилерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. анын натыйжасында Бишкектин Дорожная көчөсүндө жайгашкан 11,2 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аныкталган маалыматтар боюнча, 1997-жылы Бишкек мэриясы Кара-Жыгач токоюнан Токой институтуна илимий изилдөөлөр үчүн 11,2 гектар жер бөлүп берген. Андан кийин бул жер тилкеси ар кандай себептерден улам мамлекеттик каттоо органдарында катталган эмес. Бул кызмат адамдарына жер тилкесин бир канча бөлүктөргө бөлүп сатууга мүмкүндүк берген. Мамлекеттик каттоо органдарында каттоонун тиешелүү жол-жоболору жүргүзүлгөндөн кийин, аталган жер тилкеси баштапкы белгиленген максаттуу багыттар боюнча пайдалануу үчүн мамлекеттин балансына кайтарылды. Учурда кылмыш ишинин алкагында мурда мыйзамсыз менчиктештирилген Улуттук илимдер академиясынын мүлкүн мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.
АКШ менен Дания Гренландия боюнча өздөрү чечишип алышат. Аталган аралга байланышкан эки тараптын кадамы боюнча пикирин РФ лидери Владимир Путин ушундайча билдиргенин РИА Новости жазды. АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэла боюнча операциядан кийин, 4-январда, аталган арал Кытай менен РФтин кемелерине курчалып калгандыктан Штаттар аймакка кол сунуп жаткандыгын айткан. Ал эгерде Америка Даниянын бул автономиясын өзүнө албаса, аймак Кытай же Россияга тийип калышы ыктымал деген оюн жар салган.Ал РФтин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Алясканы мисал келтирип, Гренландиянын наркы 200-250 миллион доллар болмоктугун божомолдогон.РФ лидери Даниянын АКШ менен жер сатууда тажрыйбасы барын эске салган."Башкысы, Даниянын Америка менен бул жаатта тажрыйбасы бар. Кыязы, 1917-жылы болсо керек, Дания сатып, Америка Виргиния аралдарын алган. Андыктан мындай тажрыйба болгон", — деген ал. Трамп көзүн арта баштаган Гренландия учурда Дания бийлигинин курамында турат. 1953-жылга чейин аймактык макамы башка эле, тагыраагы, Даниянын колониясында болчу. 2009-жылы толук автономияга ээ болуп, ошондон бери ички саясатын өзү жүргүзүп келет.