Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Ушул жылдын 18- 21-февраль күндөр аралыгында Бишкекте "АгроДиалог—2026" агроөнөр жай форуму өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, форумдун алкагында республика боюнча айыл чарба тармагындагы мыктылардын мыктысы — 20 өсүмдүк өстүрүү, 20 мал чарбачылыгы боюнча чемпиондор аныкталат. Иш-чарага жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн эксперттер жана дыйкан-фермерлердин катышуусу күтүлүүдө. Анда өлкөнүн айыл чарба чемпиондору бардык кызыкдар тараптар менен ийгиликке жетүү сырларын бөлүшүп, өз тажрыйбаларын ортого салат. Форумдун алкагында айыл чарбасынын ар бир багыты боюнча чемпион аталган мыкты дыйкан-фермерлер кызыл килемден өтүп, салтанаттуу иш-чара менен коштолот. Ошондой эле агроөнөр жай тармагында өнөктөштөрдү табууга шарт түзүлүп, ишкерлер үчүн бизнесин өнүктүрүүгө жана өз продукциясын чет өлкөлөргө экспорттоого кеңири мүмкүнчүлүктөр жаралат.
Борбордо коомдук транспортто жүрүү тарифтери каралышы мүмкүн. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, шаарда айдоочулар жетишсиз. Ошондуктан алардын айлык маянасын жогорулатуу маселеси каралууда. "Эгер айлык жогоруласа, коомдук транспортто жүрүү акысынын өзгөрүшү да каралышы мүмкүн", — деди Жунушалиев. Ошондой эле мэр быйыл шаарга 634 жаңы автобус келерин белгиледи. Булардын көлөмү кичирээк болуп, борбор калаага жаңы кошулган аймактарга каттайт.
Ош облусу менен шаарынын аймагында иш алып барган күрөөканалар текшериле баштады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Текшерүү иштери Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы жана Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Анын жүрүшүндө өлкө мыйзамдарында белгиленген пайыздык чендердин жогорулатылган учурлары аныкталып, алар боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан административдик айыптар салынды. Мындан тышкары, 30дан ашуун күрөөкананын ишмердүүлүгү токтотулуп, тиешелүү текшерүү иштери дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча укуктук баа берилет. УКМК тарабынан учурда калкка мүмкүн эмес шарттарда акча каражатын берип, күрөө мүлкүн өз пайдасына которуп, ошону менен өзгөчө ири өлчөмдө киреше алып келген сүткорлук менен алектенген адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Өткөн жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөдө эс алууга жумшаган чыгымдары, болжолдуу маалыматтар боюнча, 423 млн 300 мин долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 пайызга төмөндөгөн. Ошону менен бирге, туристтик рыноктун катышуучулары кыргызстандыктардын чет өлкөлүк багыттарды тандоодогу табити өзгөргөнүн белгилешүүдө. Буга чейин ата мекендик ири туркомпаниялардын бири агенттикке билдиргендей, балалуу үй-бүлөлөр көбүнчө Египетти жана Вьетнамдагы Фукуок курортун тандашат. Буга "бардыгы камтылган" форматы, мей