УКМК: Бишкекте жалаа жаап акча опузалаган милиционер менен аял кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалды. Алардын бири милиция кызматкери экенин УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, шектүүлөр Т.А. аттуу жаранды Ч.М. зордуктаган деп жалаа жаап, андан акча талап кылышкан. Аял ишти оң чечүүгө жардам берүүнү убада кылып, милиция кызматкери менен алдын ала сүйлөшүп, акча өндүрүүнү пландаган.
"Т.А. жана Октябрь РИИБинин №4 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери, милициянын лейтенанты А.Э. 350 миң сом алып жаткан жеринен кармалды", — деди УКМК.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
УКМК 50 миң доллар талап кылган деп укук коргоочуну кармады