ЖК төрагасы: ЖОЖ педагогдорунун айлыгы министрдикинен төмөн болбошу керек

Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жогорку окуу жайларында иштеген адистердин айлыгы министрдикинен төмөн болбошу керектигин айтты. Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине барганда айтканын парламенттен билдиришти.
Спикер жакынкы аралыкта мектеп мугалимдеринин айлык маянасы жогорулай турганын, ошол эле маалда жогорку окуу жайларында иштеген адистер алардан кем айлык албашы керектигин кошумчалады.
"Педагогдордун айлык маянасы министрдикинен төмөн болбошу керек. Бул маселе боюнча илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри тиешелүү сунуштарды киргизиши зарыл", — деди төрага.
Тургунбек уулу университеттин кыргыз филологиясы факультетинин 20 студентине 20 миң сом өлчөмүндө стипендия төлөп берүүнү, мамлекеттик тилди окутуунун жаңы усулун иштеп чыккан эки окутуучуга 200 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүүнү убада кылды.
Бекешев бир күн сабактан калган студентке 1000 сом айып салынып жатканын айтты