Жаныбарлардын алгачкы крематорийи Балыкчыда ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Балыкчы шаарындагы биологиялык калдыктарды жок кылуучу жайда биометрикалык чуңкур жана крематорий курулду. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, биометрикалык чуңкурдун тереңдиги 10 метрди түзүп, ички пайдубалына 40 сантиметр калыңдыкта бетон куюлган.
"Бул объект — эл аралык жана ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген республикадагы алгачкы толук кандуу жай. Мындан тышкары, объект тосулуп, биологиялык калдыктарды көзөмөлдөө үчүн атайын лаборатория да салынган", — деп жазылат маалыматта.
Жаңы объект шаардагы экологиялык абалды жакшыртууга, ар кандай инфекциялык ооруларды алдын алууга жана санитардык коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кылууга шарт түзөт.
Бишкекте таштанды өрттөгөн завод ишке кирди. Видео