БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында жана Казакстандын аймагында вебкам-студиялар тармагын уюштурган адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тергөөнүн жүрүшүндө топтун мүчөлөрү борбор калаанын ар кайсы райондорунан батирлерди ижарага алышканы аныкталган. Бардык даректер боюнча тинтүү жүргүзүлүп, веб-камералар, жарык берүүчү жабдуулар, компьютерлер, эротикалык кийимдер жана сексуалдык мүнөздөгү көрсөтүүлөр үчүн колдонулган башка атрибуттар алынган.
Шектүүлөр вебкам-кызматтарын көрсөткөн интернет-платформаларды колдонушкан. Бул ишмердүүлүктөн түшкөн киреше Binance платформасындагы криптокапчыктарга түшүп турган.
Атайын кызмат интернет аркылуу сойкулук жана бузукулук иштерин уюштурган деген шек менен А.А., Б.Б., Э.А. жана О.Э. аттуу жарандарды кармады.