БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп зарылдык жаралган учурда НАТОнун АКШга кол суна аларынан күмөн санайт. Бул тууралуу ал Ак үйдө өткөн брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз жардамга келебиз, ал эми алардын колдоо көрсөтө аларынан шегим бар", — деген Трамп.
Өлкө башчынын айтымында, азыркы лидерлердин бири да, көзү өтүп кеткен жетекчилер да НАТО үчүн Трампчалык иш жасаган эмес. Президент АКШнын уюмдан чыгары тууралуу суроодон кыйгап, НАТО жакшы альянс болгонун, бирок айрым учурда Трамп макул боло албаган кадамдарга да барганын белгилеген.
АКШ жетекчиси өлкөсүнүн коопсуздугу үчүн Гренландияны алышы керектигин дагы бир ирет айтып, Вашингтон да, НАТО да ыраазы боло тургандай "бир нерсе ойлоп табууну" убадалады.
Муну менен бирге Трамп АКШнын чыныгы душманы — Россия менен Кытай эмес, БУУ менен НАТО экени айтылган макала менен бөлүшүп койгон.
Шейшемби күнү НАТОнун мурунку катчысы жана Даниянын экс-премьери Андерс Фог Расмуссен Трамптын Гренландияга көз артышын альянс түптөлгөндөн берки эң чоң сыноо деп сыпаттады. Анын айтымында, уюмдун келечеги учурда бүдөмүк.
Гренландиянын айланасындагы кырдаал
АКШ президенти экинчи мөөнөткө шайланып кызматына киришкенден тарта Гренландия Американын бир бөлүгү болушу керектигин айтып келет. Ал эми Венесуэладагы аскердик операциядан кийин бул тууралуу ачык билдирип калды. Трамп Дания Падышалыгынын курамындагы жакшы корголбогон бул аралдын айланасында Россия менен Кытайдын суу алдында жүрүүчү кемелери бар деген пикирде.
Мындай чечим Гренландиянын өзүндө да катуу сынга кабылган, тургундардын көбү, өлкө бийлиги да АКШга кошулууга каршы. Демилгени Европа да колдогон эмес.
Буга жооп иретинде Ак үйдүн кожоюну Дания, Норвегия, Швеция, Франция, Германия, Улуу Британия, Нидерланддар жана Финляндияга каршы 10 пайыздык бажы төлөмүн киргизген. Талап 1-февралдан баштап иштемекчи, июндан тарта төлөм 25 пайызга жетип, "арал биротоло колго тийгиче" күчүндө болот.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков эл аралык укуктун деңгээлинен алып караганда адаттан тыш жагдай жаралганын билдирген. Россия арал Данияга тийиштүү деген позицияда.