"Европа туура эмес багытка бара жатат". Трамптын Давосто айткандарынын негизгилери

Ак үйдүн кожоюну дүйнө мурда болуп көрбөгөндөй экономикалык жана миграциялык саясаттын кыйратуучу кесепеттерине туш болуп жатканына токтолду.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Европа туура эмес багытка бара жатат. Бул туурасында АКШнын президенти Дональд Трамп Швейцариянын Давос шаарындагы экономикалык форумда сүйлөп жатканда айтты.
Ал ошондой эле дүйнө мурда болуп көрбөгөндөй экономикалык жана миграциялык саясаттын кыйратуучу кесепеттерине туш болуп жатканын белгиледи.
Ал, мындан сырткары, төмөнкүлөргө токтолду:
Венесуэлада иштер абдан мыкты жүрүп жатат, АКШ кызматташтыкты жогору баалайт;
АКШ — дүйнөлүк экономиканын кыймылдаткыч күчү, Американын экономикасынын өсүшү бардык өлкөлөргө пайда келтирет;
АКШ башка өлкөлөргө каршы бажы төлөмдөрүн Америка тарткан зыянды оңдоо максатында киргизүүдө;
Вашингтон өлкөнүн тышкы соодасынын 40 пайызын камтыган соода келишимдерин түздү;
анын тушунда АКШда газ өндүрүү тарыхый эң жогорку деңгээлге жетти;
Вашингтон украин кризисин жөнгө салуу менен алектенбеши керек, бул Европанын иши.
Трамп РФ президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жана ал да келишим түзүүнү каалап жатканына ишенерин билдирди.
Трамп НАТОнун АКШга жардамга келе аларынан күмөн саноодо