Жапаров тигүү тармагындагылар менен жолугуп, өкмөткө көйгөйлөрдү жоюуну тапшырды

Мамлекет тигүү тармагындагы маселелерден толук кабардар экендиги, тармакка жардам бериле тургандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жолугуп, өкмөткө учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө, тармакты мындан ары өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды берди. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчысы аталган тармак мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеген.
Иш-чарага өлкөнүн тигүү тармагынын, маркетплейстердин, логистикалык компаниялардын, мамлекеттик жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жолукту

2 / 3

"Легпром" ассоциациясынын жетекчиси Сапар Асанов учурдагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарын айтты

3 / 3

Жеңил өнөр жай тармагындагы иштегендер үчүн бул жолугушуу маанилүү болгонун да билдиришти

Жолугушууда тармакты өнүктүрүүнүн учурдагы көйгөйлүү маселелери айтылып, аларды чечүү боюнча сунуштар берилип, талкуу жүргөн.
“Талкуунун жыйынтыгында президент министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге, ошондой эле тиешелүү министрлерге жана мамлекеттик органдардын жетекчилерине учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана тармакты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди”, – деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда буга чейин экономиканын маанилүү тиреги болуп келген жеңил өнөр жай тармагы бир топ кыйынчылыктарга туш болууда. Айрыкча тигүүчүлөр үчүн негизги базар болуп эсептелген Россияга экспорт жүргүзүү маселеси курч бойдон калууда. Акыркы мезгилде продукцияны мыйзамдуу жол менен Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык алып чыгуу зарылдыгы ишкерлер үчүн кошумча тоскоолдуктарды жаратты.
Тигүүчүлөр менен маркетплейстердин маселеси боюнча минкаб башчысы үн катты